Blog Image

КМУда Эл аралык Биоартүрдүүлүк күнү белгиленди

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунда “22-май – Эл аралык Биоартүрдүүлүк күнүнө арналган кереге отурум өттү.

Иш-чарага КМУнун илим жана инновациялар боюнча проректору А.К. Чалданбаева, институттун директору Г.Т. Жалилова, Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башчысы К.А. Мамбеталиев, башкы адиси Д.В. Акпаралыев, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө биоартүрдүүлүктү сактап калуу учурдун маанилүү маселеси экендиги белгиленип, КРнын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Биоресурстар башкармалыгынын башкы адиси Д.В. Акпаралыев “Браконьердик менен күрөшүү” темасында баяндама жасады.

Ошондой эле, жоголуу коркунучунда турган өсүмдүктөр жана жаныбарлар тууралуу студенттер тарабынан даярдалган баяндамаларды жасалып, видеоматериалдар көрсөтүлдү.

Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун проф. М.М. Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы тарабынан уюштурулган.