КМУда эл аралык химиктер күнүнө карата «Химия – кыялдардын катализатору» аталышында иш-чара өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунда эл аралык химиктер күнүнө карата «Химия – кыялдардын катализатору» аталышында иш-чара өттү. Иш-чарага Табигый илимдер жана туризм институтунун директору доц. Г.Т. Жалилова, химия кафедрасынын башчысы Г.К. Насирдиновалар катышты.
Кеченин жүрүшүндө мектеп окуучулары, студенттер химия дүйнөсүнө болгон саякатка туш болуу менен жөнөкөй көрүнгөн, түпсүз сырларды камтыган – химия дүйнөсүнө багыт алышты. Көрүнбөгөн атомдор бийлеп, ар бир химиялык элемент өзүнүн касиети, реакцияга жөндөмдүүлүгү көрсөтүлүп, химиянын сырдуу дүйнөсү чагылдырылды. Студенттер химия илимине байланыштуу ырлардан көркөм окуп, комуздун коштоосунда ыр аткарып, кызыктуу химиялык эксперименттер көрсөтүлдү.
Иш-чара эл аралык химиктер күнүнүн алкагында уюштурулуп, Табигый илимдер жана туризм институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери, Бишкек шаарындагы №71, 74, проф. А.Молдокулов атындагы инновациялык мектеп-лицейинин окуучулары катышты.