Blog Image

КМУда Эл аралык химиктер күнүнө карата «Табигый илимдердин тактысында химия» аталышында иш-чара өттү

И. Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунда Эл аралык химиктер күнүнө карата «Табигый илимдердин тактысында химия» аталышында иш-чара өттү. Иш-чарага Табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучулары жана студенттери катышты. Студенттер химия илимине байланыштуу ырларды көркөм окуп, кызыктуу химиялык эксперимент көрсөтүштү. Мындан сырткары адам баласынын күнүмдүк жашоосундагы химия илиминин маанисин жана учурдагы жетишкендиктерин белгилешти.