Blog Image

КМУда эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө

25-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.

Конференцияга КМУнун Илим, эл аралык коммуникациялар жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы, Талас мамлекеттик университетинин ректору Жыргалбек Шаршембиев, Эл аралык Кувейт университетинин профессору, тарых илимдеринин доктору Асан Ормушев, коомдук ишмер Нурлан Кангелди, ошондой эле профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө И. Арабаев атындагы КМУнун Э. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык укуктук билим берүү институнун профессору, тарых илимдеринин доктору Каана Айдаркул “Тарых илиминин актуалдуу көйгөйлөрү”, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин профессору Тынчболот Джуманалиев "Мамлекеттүүлүк – кыргыз коомунун бириктирүү фактору катары” жана Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч. Валиханов атындагы тарых жана этнология институтунун директорунун орун басары Шамек Тлеубаев “ХХ кылымдын башындагы казак-кыргыз интеллигенциясынын улуттук бирдиктүүлүктү сактоо жолундагы кызматы” аталышында баяндама жасады.

Конференция тарыхты изилдөөчүлөр үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоого жана жаңы идеяларды алмашууга мүмкүнчүлүк түздү.

"Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл” аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулду.