КМУда эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө
Бүгүн, 10-октябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдык мааракесине арналган иш-чаранын алкагында “Билим берүүдөгү илимдин, технологиянын жана инновациянын интеграциясы: заманбап көйгөйлөрү жана өнүгүүнүн келечектүү багыттары» аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чара И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделгендигинин 80 жылдыгына арналган даректүү тасма менен башталды. Андан соң, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева илимий-практикалык конференциянын катышуучуларына ыраазычылык билдирди.
Конференциянын негизги максаты: билим берүү тармагындагы жаӊы технологияларды, илимий жаңылыктарды жана инновациялык ыкмаларды талкуулоо, тажрыйба алмашуу жана дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулар менен кызматташтыкты өнүктүрүү.