КМУда эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде профессор Каратай Сартбаевдин 95 жылдыгына жана академик Болот Каратаевич Сартбаевдин 70 жылдыгына арналган «Окуучунун, студенттин чыгармачылык жөндөмүн өнүктүрүү – ХХІ кылымдын негизги компетенциясы» аталышында эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Дурус Козуев, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун директору п.и.к., Алмазбек Токтомаметов, Британия Королевствосунун Илимий коомунун мүчөсү, Бата университетинин профессору, PhD, эл аралык бир нече сыйлыктардын лауреаты, дүйнөлүк окумуштуу, проф. К. Сартбаевдин небереси Асел Сартбаева (онлайн), педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар курамы катышууда.
Иш-чара КМУнун педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.







