Blog Image

КМУда эл аралык мамилелер боюнча интерактивдүү конок-лекция өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Томск мамлекеттик университетинин Тарых жана саясий илимдер факультетинин Дүйнөлүк саясат кафедрасынын башчысы Сергей Юн жана кафедранын доценти Анастасия Погорельская “Келечектеги эл аралык мамилелер багытынын өзгөчөлүктөрү” темасында конок-лекция өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык мамилелердин алкагындагы ишмердүүлүктүн негизги багыттары: дипломатия, мамлекеттик бийлик органдары, корпоративдик түзүмдөр, эл аралык уюмдар жана бизнес-түзүмдөр боюнча маалыматтар берилди.

Иш-чара Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Чыгыш таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасы тарабынан уюштурулду.