КМУда эл аралык спорт күнүнө карата тегерек стол өттү
Бүгүн, 7-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 6-апрель эл аралык спорт күнүнө карата тегерек стол болуп өттү.
Иш-чарага КМУнун Дене тарбия жана спорт институтунун директору Каныбек Сарымсаков жана профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.
Тегерек столдун жүрүшүндө спорттун эл аралык деңгээлдеги мааниси, дене тарбия жана спорттун жаштар үчүн ден соолукка тийгизген пайдасы, спорттун коомдук жана экономикалык тармактардагы ролу тууралуу кеңири маалымат берилди.
Ошондой эле, спорттук машыгууларды жана командалык оюндарды уюштуруу аркылуу жана өлкөдө спорт маданиятын жайылтуу маселелери талкууланып, Дене тарбия жана спорт институтунун окутуучуларына жана студенттерине ыраазычылык каттар тапшырылды.
Иш-чара КМУнун Дене тарбия жана спорт институту тарабынан уюштурулду.