Blog Image

КМУда Эл аралык студенттик форум өтүүдө

Бүгүн, 16-октябрда, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Кесиптеги дебют” аталышында студенттердин I Эл аралык форуму өттү.

Форумдун максаты студенттердин филологиялык даярдыгын жакшыртуу жана таланттуу жаштарды алып чыгуу болуп саналат. Иш-чарага Кыргызстандын жана чет өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларынан коноктор, студенттер чакырылып, актуалдуу темада баяндамаларды жасашты.

Форумду КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева ачып берип, катышуучуларга ийгиликтерди каалады. Андан кийин С.Есенин атындагы Рязань Мамлекеттик университетинин ректорунун тышкы байланыштар боюнча жардамчысы С.С.Бунин, Ярослав Мамлекеттик университетинин орус филологиясы факультетинин деканы Ж.К.Гапонова, ушул эле окуу жайдын окутуучулары Н.Г.Меркулова, П.В.Квартников, Кыргызстандагы Орус кызматташтыгы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси А.Ф.Зульхарнеев онлайн форматта чыгып сүйлөштү.

Форумдун алкагында республиканын ЖОЖдорунун окумуштуулары, мектеп директорлору, студенттер баяндамаларды жасашты.

“Кесиптеги дебют” аталышында студенттердин I Эл аралык форуму КМУнун Орус филологиясы тарабынан уюштурулду.