КМУда эл аралык студенттик форум өтүүдө
Бүгүн, 25-апрель күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “ІСТЕХРО-2025 Information and communication technologies” аталышында эл аралык студенттик форум өтүүдө.
Форумга КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, профессордук-окутуучулар курамы, Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан 150дөн ашык студент катышууда.
“ІСТЕХРО-2025 Information and communication technologies” аталышындагы эл аралык студенттик форум төмөнкү 4 секция боюнча иш алып барат:
-Мобилдик жана веб тиркемелер секциясы;
-Робототехника жана автоматташтыруу секциясы;
-3D-моделдөө жана Анимация секциясы;
-Графикалык дизайн секциясы.
Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.