Blog Image

КМУда эл аралык студенттик форум өттү

Бүгүн, 25-апрель күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата “ІСТЕХРО-2025 Information and communication technologies” аталышында эл аралык студенттик форум өттү.

Форумга КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун директору Улан Керимов, профессордук-окутуучулар курамы, Кыргызстандын жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан 150дөн ашык студент катышты.

Форумдун жүрүшүндө студенттер заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатындагы эмгектерин, изилдөөлөрүн жана долбоорлорун сунуштап, тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Иш-чаранын алкагында студенттер тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланып, жеңүүчүлөргө сертификаттар тапшырылды.

Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду