Blog Image

КМУда “Эмгек укуктары жана эмгекти коргоо иштерин уюштуруу” аталышында окутуу семинар өттү

И.Арабаев атындагы КМУда КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин Башкы укук жана эмгекти коргоо инспектору Бедил Кадыркулов “Эмгек укуктары жана эмгекти коргоо иштерин уюштуруу” аталышында окутуу семинар өттү.

Б.Кадыркулов семинарда билим берүү кызматкерлеринин эмгектик, кесиптик, социалдык-экономикалык укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодогу кесиптик бирлик уюмдарынын эмгек укугун коргоо башкы милдеттери экендигин өзгөчө белгилеп, билим берүү кызматкерлеринин ден соолугун коргоого, эмгекчилердин коопсуздугун камсыздоого жана эмгекти коргоого өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

Ошондой эле, Б.Кадыркулов Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине киргизилген өзгөртүүлөр боюнча берилген суроолорго кеңири түшүндүрмөлөрдү берди.

И.Арабаев атындагы КМУнун бириккен кесиптик бирлигинин төрагасы Н.Догдурбек университеттин 2024-2027-жылдары үчүн кабыл алынган жамааттык келишиминдеги окутуучулардын жана кызматкерлердин эмгек укуктарын коргоо жана иш берүүчү менен кызматкердин ортосундагы эмгек мамилелери жөнүндө маалымат берди.

Семинарга И.Арабаев атындагы КМУнун бириккен кесиптик бирлигинин курамдык профбюро активдери жана университтеттин профессордук-окутуучулук курамынын өкүлдөрү катышты.