КМУда «Эмоционалдык интеллект» аталышында семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунда «Эмоционалдык интеллект» аталышында семинар өттү.
Иш-чара психология декадасынын алкагында уюштурулуп, Педагогика жана психология институтунун профессордук-окутуучулар курамы, магистранттары жана студенттери катышты.
Семинардын жүрүшүндө эмоционалдык интеллекттин теориялык негиздери, интерактивдүү программанын алкагындагы психологиялык оюндар, эмпатияны өнүктүрүүчү көнүгүүлөр тууралуу маалыматтар берилди.
Бул иш-чара аркылуу катышуучулар өздөрүнүн эмоционалдык жооп кайтаруу өзгөчөлүктөрүн түшүнүп, өзүн-өзү көзөмөлдөө жана эффективдүү коммуникация көндүмдөрүн өнүктүрүүгө чоң мүмкүнчүлүк алышты.
Иш-чара КМУнун Педагогика жана психология институту тарабынан уюштурулду.