Blog Image

КМУда “Enactus КМУ командасынын чыгармачыл жаштары” аталышында иш-чара өттү

4-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУда “Enactus КМУ командасынын чыгармачыл жаштары” аталышында иш-чара өттү. Иш-чарада “Enactus KSU” командасынын чыгармачыл жаштары Гүлзар Нарбаева, Аделина Тиленова жана Эрбол Мухамбетов өз таланттарын тартуулашты. Иш-чарага “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмесинин аткаруучу директору Г. Суюнова, Автордук укук жана чектеш укуктар башкармалыгынын каттоо жана сыйакыларды бөлүштүрүү бөлүмүнүн бөлүм башчысы А.Молдогазиева, "Роза Отунбаеванын демилгеси" эл аралык коомдук фондунун өкүлү У.Мамбетакунов жана Борбордук Азия IDEAнын директору жана уюмдун өкүлү А.Русланова,ошондой эле, журналист Ж. Батырбекова, КРнын эмгек сиңирген артисти С Искеналиев катышты.

Иш-чаранын жүрүшүшүндө “Enactus KSU” командасынын чыгармачыл жаштары Гүлзар Нарбаеванын, Аделина Тиленованын жана Эрбол Мухамбетовдун өнөрлөрү коноктордун көңүлүн буруп. Колдоого арзыды. Конокто жаштарга чыгармачылыктарына ийгилик каалашты.

Белгилей кетсек, “Enactus KSU” командасынын чыгармачыл жаштарына Эл аралык уюмдардан сунуштар түшкөн.