КМУда “Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы” аталышында дил баяндар сынагы өттү
И.Арабаев атындагы КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу максатында жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы” аталышында 1-курстун студенттеринин арасында дил баяндар сынагы өттү. Сынактын уюштуруучулары кыргыз тилинин окутуучусу Г.Черикчиева жана институттун директорунун орун басары И. Темирбек уулу болду.
Сынакка 40 студент катышып, алардын ичинен 17 студент жогорку деңгээлде жазып, чыгармалары “Мыкты дилбаян” наамына татыктуу болду.