Blog Image

КМУда "Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун" аталышында иш-чара өттү

Бүгүн Эл аралык эне тил күнүнө карата И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык педагогикалык колледжинде "Эне тили болбосо аты аталбайт улуттун" аталышында иш-чара болуп өттү. Иш чарада кыргыз тилинин гимни жаңырып, студенттер тарабынан даярдалган ыр,бий, көркөм окуулар тартууланды. Студенттер арасында доклад, презентация жана дил баяндар сынагы уюштурулуп жеңүүчүлөр аныкталды. Мындан сырткары, дүйнөдөгү ар улуттун тилдерине кайрылып, доклад презентациялар көрсөтүлдү.Калыстар тобу тарабынан студенттердин эмгектери  бааланып, сыйлыктар тапшырылды.