Blog Image

КМУда “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” аталышында иш-чара өттү

Бүгүн, И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институнда 21-февраль – Бүткүл дүйнөлүк Эне тил күнүнө арналган “Эне тили болбосо, аты аталбайт улуттун” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага Мамлекеттик тил жана маданият институтунун профессордук-окутуучулар курамы, Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдери, ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттер катышты.

Эне тили ар бир элдин маданиятынын, тарыхынын жана руханий байлыгынын күзгүсү. Ошондуктан, иш-чарада эне тилибизди сактоо, өнүктүрүү жана кийинки муундарга өткөрүп берүү – биздин ыйык милдетибиз деген идеяны чагылдырган ыр-күүлөр, көркөм окуулар орун алды.

Иш-чара МТМИнин кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасы тарабынан уюштурулду.