Blog Image

КМУда энергияны сарамжалдуу пайдалануу боюнча эсептөөлөр башталды

Бүгүн, 19-декабрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунунда түзүлгөн «Жашыл технологиялар жана ресурстарды башкаруу» борборунун демилгеси менен энергияны сарамжалдуу пайдалануу боюнча эсептөөлөр башталды. Иш-чаранын жүрүшүндө эсептөөлөр улуттук деңгээлдеги белгилүү эксперт Ришат Кожоновдун көзөмөлүндө жүргүзүлүп, “Кыргыз Республикасынын жеке секторлорунда жашыл экономиканы өнүктүрүү программасы – GIZ” демөөрчүлүк кылууда.

Иш-чаранын негизги максаты: университеттин жашыл өнүгүүсүнө шарт түзүп, кайра калыбына келүүчү энергия булактарын колдонууга мүмкүнчүлүк жаратуу жана экологиялык туруктуулукту күчөтүү. Бул демилге университеттин чарба иштери боюнча проректору Бакбур Исаев, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүлназ Жалилова, инженерлер тобу жана физика кафедрасынын жаш окутуучулары менен биргеликте ишке ашырылууда.

Иш-чаранын алкагында университет экологиялык туруктуулукту арттырууга жана жашыл технологияларды колдонууга багытталган иштерди улантууда.

Белгилей кетсек, КМУ дүйнөлүк деңгээлдеги экологиялык туруктуулук боюнча “GreenMetric” рейтингине катышып, Кыргызстандагы университеттер арасында 2-орунду ээледи. Бул биздин университет үчүн чоң жетишкендик болуп саналат.