КМУда “EPIC долбоорунун семинар-тренинги жыйынтыкталды
Бүгүн, 14-февраль күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 2024-жылдын август айында өтүлгөн “EPIC долбоорунун “Project Based Learning through gamification” аталышындагы 72 сааттык семинар-тренингдин жыйынтыгы боюнча окутуучуларга сертификат тапшыруу аземи өттү.
Иш-чарага КМУнун эл аралык байланыштар жана инвестициялар боюнча проректору Гүльназ Жалилова, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Мырзалымбекова, Ш. Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун директору Нуржан Сартбекова катышты.
Бул долбоордун негизги максаты: англис тилин жеткиликтүү деңгээлде окутууга багытталып, жаңы билим берүү ыкмаларын, материалдарды жана тренингдерди киргизүү, окутуучулардын билим берүү сапатын жогорулатуу, окуу программаларын натыйжалуу жүргүзүүгө шарт түзүү.
Эске салсак, Америка Кошмо Штаттарынын элчилигинин EPIC долбоорунун сынактык тандоосуна катышкан 80 арыздын ичинен 6 арыз жактырылып, КМУ жеңүүчү аталган.