Blog Image

КМУда «Эпикалык чыгармалар котормодо» аталышында конференция өттү 

9-февраль күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту менен КРнын УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту биргеликте даярдаган «Эпикалык чыгармалар котормодо» аталышында конференция өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жарык көргөн кенже эпостор, элдик поэмалардын китептеринен сүрөт көргөзмө уюштурулуп, эпикалык мурастарды чет тилдерине которуунун маселелери талкууланды. Илимий баяндамалары менен котормочулар тобунун башчысы, филология илимдеринин доктору, профессор З.Караева, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун “Манас”, фольклор, акындар чыгармачылыгы бөлүмүнүн башчысы, филология илимдеринин доктору М.Көлбаева, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценттери, филология илимдеринин кандидаты С.М.Мамбаева, филология илимдеринин кандидаты К.А.Калиева, Кыргызстан эл Аралык университетинин доценттери Г.А.Тургунова, С.Ч.Мамбеталиева, КРнын эмгек сиңирген артисти Самат Көчөрбаевдер сүйлөдү. 
Ошондой эле, иш-чаранын алкагында чет тилдер адистигинде окуган студенттердин котормо конкурсуна катышып ийгилик жараткандарга сыйлыктар тапшырылды. Эпос жана кенже эпостордун сюжетинде сахналаштырылган оюн коюлуп, дастандардан үзүндүүлөр аткарылды.  
Иш-чарага окумуштуулар, адабиятчылар, котормочулар, чыгармачыл инсандар, ЖОЖдордун окутуучулары, студенттер ж.б. катышты.