Blog Image

КМУда “Эрдик унутулбайт” аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунда Улуу Ата Мекендик согуштун 80 жылдыгына карата “Эрдик унутулбайт” аталышында иш-чара өттү.

Иш-чарага Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чара максаты: ата-бабаларыбыздын эрдиктерин эскерүү, жаш муундардын мекенге болгон сүйүүсүн ойготуу, жаштардын патриоттук рухун көтөрүү менен аскердик жөндөмүн өнүктүрүү.

Мелдеш төмөнкү багыттар боюнча өттү:

-Аскердик ырлар сынагы;

-Автомат чогултуу жана ажыратуу боюнча мелдеш;

-Противогаз кийүү боюнча мелдеш.

Иш-чаранын жыйынтыгында ыраазычылык каттар тапшырылды.

Иш-чара КМУнун Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИнин Орто кесиптик билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулду.