Blog Image

КМУда «Эргүү, ырлар, сүйүү анан мезгил - жаз!» аталышында поэзия кечеси ɵттү

5-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Физика-математика факультетинин студенттери тарабынан 8-март - айымдардын Эл аралык күнүнɵ карата уюштурулган «Эргүү, ырлар, сүйүү анан мезгил - жаз» аталышында поэзия кечеси ɵттү.

Кечеге факультеттин профессордук- окутуучулар курамы жана студенттери катышты. Поэзия кеченин коноктору акын Алтынбек Исмаилов, акын Турсунай Калмуратова, Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин студенти Перизат Алымова, “Илгир” чыгармачыл жаштар уюмунун мүчɵсү Айтбүбү Абдугаффарова жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенти Айымкан Калилова, ошондой эле, Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинин студенти Ислам Алымбеков. Поэзия кечеси жогорку деңгээлде өтүп, акындар өз чыгармаларын тартуулашты.