Blog Image

КМУда “Фармацевтикалык изилдөөлөрдөгү гибриддик молекулалык мамиле” аталышындагы конок-лекция өттү

20-февраль күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан “Фармацевтикалык изилдөөлөрдөгү гибриддик молекулалык мамиле” темада конок-лекция өттү. Конок-лекцияга Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин профессору Ферхан Түмер чакырылган. Лекциянын жүрүшүндө дары - дармектин бир нече максаттуу стратегиясына негизделген гибриддик кошулмалар бүгүнкү күндөгү дары-дармектин активдүү ингредиенттерин изилдөөдө кеңири колдонуларын айтып, триазол гибриддик структураларды камтыган биоактивдүү молекулалар жана алардын ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берилди.