КМУда “Физикалык тапкычтар тобу” аталышында интеллектуалдык оюн өттү
Бүгүн, 5-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Физикалык тапкычтар тобу” аталышында интеллектуалдык оюн өттү.
Иш-чаранын максаты: адам укуктары боюнча билимди жаңылоо жана тереңдетүү, командада иштөө көндүмдөрүн өнүктүрүү, окуучулардын таанып билүү активдүүлүгүн өнүктүрүү.
Иш-чара 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө жана физик окумуштуу Розетта Айтматованын юбилейине карата уюштурулган. Интеллектуалдык оюнга Физика-математика факультетинин 2-курсунун студенттери катышып, таймаш калыстар тобу тарабынан бааланып, жеңүүчүлөр аныкталды.
Иш-чара КМУнун Физика-математика факультети тарабынан уюштурулду.