Blog Image

КМУда француз журналисти Мишель Элтчанинов «Философия журналынын мисалында учурдагы окуяларга сын көз карашты өнүктүрүү» аталышында баяндама жасады

13- май күнү И. Арабаев атындагы КМУда белгилүү француз журналисти Мишель Элтчанинов «Философия журналынын мисалында учурдагы окуяларга сын көз карашты өнүктүрүү» аталышында баяндама жасады. Иш-чарага Франциянын Кыргызстандагы элчилиги, И. Арабаев атындагы КМУ жана КРнын журналисттердин көз карандысыз союзу катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө И. Арабаев атындагы КМУнун МТМИнин Журналистика бөлүмүнүн студенттери баяндамаларды жасашты.

Француз журналисти жана жазуучусу, Philosophie Magazine көз карандысыз журналынын башкы редактору Мишель Эльтчанинов изилдөөлөрүн орус тилдүү адабиятка жана феноменологияга арнаган.