Blog Image

КМУда фурошики даярдоо боюнча мастер-класс өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Японтаануу институтунда фурошики даярдоо боюнча мастер-класс өттү.

Иш-чара япон тили жумалыгынын алкагында уюштурулуп, ага Японтаануу институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө кездемени туура жана натыйжалуу колдонуу ыкмалары, ошондой эле, фурошикинин тарыхы жана анын Япониянын күнүмдүк турмушундагы ролу тууралуу кеңири маалыматтар берилди.

Иш-чара КМУнун Японтаануу институту тарабынан уюштурулду.