КМУда “Гендердик теңсиздик” аталышында конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “Зордук зомбулукка каршы 16 күн” акциясынын алкагында IFES эл аралык фондунун координатору Элиза Тайтелиева жана тарых илимдеринин кандидаты Жүрсүн Омурова “Гендердик теңсиздик” аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө зордук-зомбулуктун түрлөрү, анын себептери жана кесепеттери, ошондой эле, зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча маалыматтар берилди.
Бул иш-чара студенттерге зордук-зомбулук маселесин тереңирээк түшүнүүгө жана анын алдын алуу жолдору боюнча маалымат алууга мүмкүнчүлүк түздү.
Иш-чара Японтаануу институту тарабынан уюштурулду.