КМУда Германиядан келген логопед К.Кёниг конок-лекция өттү
Бүгүн, 21-апрель күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Германиядан келген логопед Каролина Кёниг "Тамактандыруу көйгөйлөрү. Өнүгүүсү начар балдарды тамактандырууда (чайноодо, жутууда) логопеддин ролу" аталышында конок-лекция өттү.
Иш-чарага КМУнун Педагогика жана психология институтунун "Логопедия", "Сурдопедагогика", "Олигофренопедагогика" профилдеринин 3-курсунун студенттери катышты.
Конок-лекциянын жүрүшүндө өнүгүүсү артта калган балдардын тамак жей албай же жутуу процессиндеги кыйынчылыктары, логопеддин бул багыттагы маанилүү ролу, бул көйгөйлөрдү аныктоонун жана өз убагында жардам көрсөтүүнүн жолдору тууралуу маалымат берилди.
Лекция КМУнун Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасы тарабынан уюштурулду.