Blog Image

КМУда “Грамматикадан кепке технологиясы” аталышында конок-лекция өттү

Бүгүн, 31-октябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин мамлекеттик тил жана маданият институтунун окутуучуларына жана студенттерине белгилүү балдар жазуучусу, ф.и.д., профессор Сулайман Рысбаев “Грамматикадан кепке технологиясы” аталышында конок-лекция өттү.

Конок-лекциянын жүрүшүндө профессор Сулайман Рысбаев тилди грамматикалык жактан өздөштүрүүнүн жана аны практикада туура колдонуу жолдорун баяндап, тил үйрөтүүдө жаңы технологияларды пайдалануу боюнча маалымат берди.