КМУда “Hello Halloween” аталышында иш-чара өттү
Бүгүн, 31-октябрь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Hello Halloween» аталышында иш-чара өттү. Иш-чара Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун окутуучулары Махабат Исмаилова жана Алина Бейшенбекова тарабынан уюштурулуп, студенттерге Хэллоуин майрамынын тарыхы жана салттары менен таанышууга шарт түздү. Иш-чаранын негизги максаты студенттерди башка элдердин маданияты, салттары жана тарыхы менен тааныштыруу болуп саналат. Ошондой эле, студенттердин жоопкерчилигин арттыруу жана чыгармачылыктарын өнүктүрүү.
Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Хэллоуин майрамына байланыштуу кызыктуу оюндарга катышып, сыйлыктарга ээ болушту.
“Hello Halloween” аталышында иш-чара Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.