Blog Image

КМУда “Химияны окутууда кесиптик компетенттүүлүктү калыптандыруу” аталышындагы мектеп мугалимдери үчүн тренинг-семинар өттү

11, 12-январь күндөрү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан “Химияны окутууда кесиптик компетенттүүлүктү калыптандыруу” аталышындагы мектеп мугалимдери үчүн тренинг-семинар болуп өттү. Тренинг-семинарды Табигый илимдер жана туризм институтунун директору, география илимдеринин доктору, профессор М.М. Дылдаев ачып берип, мектеп мугалимдеринин алдындагы стандарттын талаптарын ишке ашыруу боюнча маалыматтарга токтолуу менен бирге, алдыда ийгиликтерди каалады. Семинардын жүрүшүндө мугалимдер предметтик стандарттарды окуу процессине киргизүүнүн шартында сабактын планы жана химия предметин окутууда маселелердин түрлөрү жана аларды чыгаруунун жолдору, мектеп практикасында ишке ашырылуучу эксперименталдык-практикалык иштерди аткаруу боюнча тажрыйба алмашуу ишке ашты.