Blog Image

КМУда «Химиянын кереметтери» аталышында иш-чара өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтун Химия жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу Гүлина Сатывалдиева «Химиянын кереметтери» аталышында иш-чара өткөрдү.

Иш-чара химия жумалыгынын алкагында уюштурулуп, Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Гүлназ Жалилова, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын максаты: студенттердин химия сабагына болгон кызыгуусун күчөтүү, күнүмдүк жашоодо колдонулуп жаткан химиялык заттар менен тажрыйбаларды жүргүзүү, алардын касиеттери тууралуу кеңири маалымат берүү.

Иш-чара КМУнун Табигый илимдер жана туризм институту тарабынан уюштурулду.