КМУда “И. Арабаев атындагы КМУда PhD докторантура программаларын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги” аталышында мастер-класс өттү
Бүгүн, 5-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде илим күнүнө карата “Илимий жумалыгынын” алкагында “И. Арабаев атындагы КМУда PhD докторантура программаларын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги” аталышында мастер-класс өттү. Иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Илим жана инновация департаментинин начальниги Гүлжан Назарматова, профессордук-окутуучулар курамы, аспиранттар жана PhD докторанттар катышты.
Мастер-класстын жүрүшүндө доцент Гүлмира Касымалиева “И. Арабаев атындагы КМУнун PhD докторантура программаларынын абалы жөнүндө”, доцент Гүльназ Жалилова “Австрия мамлекетинде PhD докторантура системасы”, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин педагогика бөлүмүнүн ага окутуучусу Кадиян Бообекова “Философия доктору деген ким? Кайсыл өлкөдө кандай даярдалат?”, Эл аралык университеттин ага окутуучусу Аскарбек Мамбеталиев “Венгрия өлкөсүндөгү PhD докторантуранын изилдөө ыкмаларынын өзгөчөлүктөрү”, КМУнун Теология факультетинин деканы Нурбек Шамралиев “PhD программасы: Түркия мамлекетинин мисалында”, КМУнун Теология факультетинин окутуучусу Самаган Мырзаибраимов “Анкара университетиндеги PhD докторантура боюнча тажрыйбам” аталышында баяндама жасады.
Мастер-класс университеттеги PhD программаларынын учурдагы абалын жана өнүгүү келечегин талкуулоо үчүн чоң мүмкүнчүлүк түздү. Иш-чара КМУнун илим жана инновация департаменти тарабынан уюштурулду.