КМУда “И.Арабаев атындагы КМУда PhD докторантура программаларын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги” аталышында семинар-тренинг өтүүдө
Бүгүн, 4-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде илим күнүнө карата “Илимий жумалыгынын” алкагында “И. Арабаев атындагы КМУда PhD докторантура программаларын өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги” аталышында семинар-тренинг өтүүдө. Семинарга И. Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, профессордук-окутуучулук курамы, аспиранттар жана PhD докторанттар катышууда.
Иш-чаранын максаты: семинардын жүрүшүндө катышуучулар илимий ишмердүүлүк үчүн электрондук ресурстардын жалпы экосистемасы менен таанышуу.
Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун илимий китепканасынын кызматкери Бурул Кутуева “КРнын жогорку окуу жайларынын китепканаларынын электрондук ресурстары”, тарых илимдеринин кандидаты Нурийла Давлетярова “Жаш илимпоздордун илимий-изилдөө ишмердүүлүгү” аталышында баяндама жасады.
Семинардын жүрүшүндө суроо-жооптор, талкуулар өтүп, жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.
Семинар-тренинг КМУнун илим жана инновация департаменти тарабынан уюштурулду.