Blog Image

КМУда “И. Арабаев атындагы КМУнун калыптанып өнүгүшүнө зор салым кошкон айым-ректорлор” аталышында конференция өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде “И. Арабаев атындагы КМУнун калыптанып өнүгүшүнө зор салым кошкон айым-ректорлор” аталышында студенттердин илимий-практикалык конференциясы өттү.

Иш-чарага КМУнун Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы Алайгүл Бекбоева, КМУнун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер “Илимий билимдерди өнүктүрүүдө аялдардын ролу жана салымы: тарыхый, социалдык жана заманбап аспектилери”, “Кыргызстандын аялдарынын гуманитардык жана коомдук илимдерди өнүктүрүүгө кошкон салымы: тарыхы, жетишкендиктери жана келечеги” жана "Айым-ректорлордун И. Арабаев атындагы КМУнун өнүгүшүнө кошкон салымы" аталышында бир катар докладдарды окуду.

Иш-чаранын максаты: И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарыхында айым-ректорлордун салымын изилдөө жана алардын университеттин калыптанышына жана өнүгүшүнө кошкон зор салымын баалоо.

Бул иш-чара университеттин тарыхын изилдөөгө, айым-ректорлордун ролун жогору баалоого жана студенттердин илимий-изилдөөчүлүк жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган.

Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун Жалпы тарых жана эл аралык мамилелер, Философия жана гуманитардык дисциплиналар кафедралары тарабынан уюштурулду.