КМУда И.Арабаевдин агартуу, коомдук жана саясий ишмердүүлүгүнө арналган китептин бет ачары өтүүдө
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата И.Арабаевдин агартуу, коомдук жана саясий ишмердүүлүгүнө арналган "Уңгужол: улуттук башаттан дүйнөлүк бийиктикке" аталышындагы 7 томдук китептин бет ачары өтүүдө.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемель Садыков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышууда.










