Blog Image

КМУда И.Арабаевдин агартуу, коомдук жана саясий ишмердүүлүгүнө арналган китептин бет ачары өттү

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде КМУнун 80 жылдыгына карата "Уңгужол: улуттук башаттан дүйнөлүк бийиктикке" китебинин жана И. Арабаевдин агартуу, коомдук жана саясий ишмердүүлүгүнө арналган 7 томдук китептин бет ачары өттү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин орун басары Кемель Садыков, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын начальнигинин орун басары - стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев, КМУнун ректору Айгүл Абдраева, профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө КМУнун мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев «Манас» эпосунун тили – кыргыз тили», Э. Ж. Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун директору Чолпон Койчуманова, «Кыргызстандын жаштары – бүгүн жана эртең», Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана Арабаев таануу борборунун ага илимий кызматкери Жумагул Байдилдеев «Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн башаты (Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү)», Педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасынын доценти Елиза Нусубалиева «Жаштардын руханий коопсуздугу – уңгужолдун башаты», Педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасынын башчысы Миргүл Эсенгулова «Уңгужолдогу кыргыз элдик педагогикасынын баалуулуктары», Илим жана инновациялар департаментинин начальниги Назгүл Рысмендеева «Элдик оюндар – эс тутум элеги», Табигый илимдер институтунун география жана экология кафедрасынын доценти Эркин Токторалиев «Экологиянын негиздери жана айлана-чөйрөнү коргоо көйгөйлөрү» аталышында баяндама жасады.

Ошондой эле, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин негизделгендигинин 80 жылдыгына арналган көргөзмө, видео-ролик көрсөтүлдү.

Позвонить