Blog Image

КМУда И.Арабаевдин агартуучулук, коомдук-саясий ишмердүүлүгү боюнча дебат өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ишеналы Арабаевдин агартуучулук, коомдук-саясий ишмердүүлүгү боюнча дебат өттү. Иш-чарага Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун студенттери катышты.

Дебатта студенттер Ишеналы Арабаев кыргыз эли үчүн аткарган чоң эмгектери тууралуу терең талкуу жүргүзүштү. Өз ойлорун айтуу менен Ишеналы Арабаевдин билим берүү тармагындагы ордун талкуулашты.

Дебаттын негизги максаты: студенттердин оратордук жана логикалык жөндөмдөрүн өркүндөтүү, ошондой эле, ар тараптуу пикирлерди жана аргументтерди талкуулоо аркылуу алардын аналитикалык ой жүгүртүүсүн жакшыртуу.

Бул иш-чара студенттердин критикалык ой жүгүртүүсүн жакшыртууга чоң салым кошту жана алардын аналитикалык жөндөмдөрүн өнүктүрдү.