КМУда И.Айдарбековдун 140 жылдыгына арналган илимий китептин бет ачары өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде И.Айдарбековдун 140 жылдыгына карата «Биринчи» аталышындагы илимий китептин бет ачары өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 24-октябрындагы № 270 “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөө жөнүндө” Жарлыгынын жана 2024-жылдын 25-июлундагы “Азыркы Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар жөнүндө” Жарлыгынын алкагында өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Чынгыз Айдарбеков, И.Арабаев атындагы КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Э.Ж. Маанаев атындагы ТСУББИнин директору Чолпон Койчуманова, профессордук-окутуучулук курамы, студенттер жана магистранттар катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Президентинин Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарга арналган жарлыктарынын алкагында илимий багытта байма-бай иш-чаралар өткөрүлүп келгендигин белгиледи.
КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты Ч.А. Айдарбеков китептин жаралышы, авторлору жана жаңы табылгалар жөнүндө кеңири айтып, И.Айдарбековдун ишмердигин, мамлекеттүүлүккө кошкон салымын баса белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында «Биринчи» аталышындагы китеп студенттерге жана катышуучуларга белекке берилип, ошондой эле, КМУнун китепканасына да өткөрүлүп берилди.
Иш-чара Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институту тарабынан уюштурулду.