Blog Image

КМУда I курстун студенттери арасында театр жомокторунун сынагы өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде I курстун студенттери арасында театр жомокторунун сынагы өттү.

Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институту тарабынан уюштурулган англис тилинин декадасынын алкагында I курстун студенттери арасында театралдык жомоктор сынагынын тандоо туру өттү.

Сынакка 11 чыгармачыл топ катышып, өздөрүнүн жаркын жана оригиналдуу чыгармаларын тартуулашты. Биринчи турдун жыйынтыгы боюнча 7 мыкты топ тандалып алынды. Алар актёрдук чеберчиликтин жогорку деңгээлин, оюндун оригиналдуулугун жана мыкты деңгээлде чыгармачылыгын көрсөтүштү. Сынактын II туру ү.ж. 19-апрелинде өтөт.