Blog Image

КМУда ИДФтин Музыка кафедрасынын отчеттук концерти өттү

Бүгүн, 27-май күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Музыка кафедрасынын отчеттук концерти өттү.

Иш-чарада Искусство жана дизайн факультетинин Музыка кафедрасынын тарыхы жана учурдагы ишмердүүлүгү тууралуу слайд тартууланды.

Факультеттин окутуучулары жана студенттери тарабынан даярдалган улуттук, дүйнөлүк классика жана заманбап чыгармалардан түзүлгөн программа сунушталды.

Студенттик академиялык хордун аткаруусунда “Мекеним Кыргызстан”, “Гаудеамус”, “Кыргыз руху” чыгармалары мыкты чеберчиликте аткарылды.

Отчеттук концерттик программада КР эл артисти, Искусство жана дизайн факультетинин деканы, профессордун м.а. Кадыралы Артыков, КР эл артисти, профессордун м.а. Атайбек Бөдөшов, Ардактуу профессор, ага окутуучу Абдурашид Өмүрзаков, “Жаш толкун” студенттик-фольклордук ансамблинин жетекчиси, ага окутуучу Мунара Турумбекова, Ардактуу профессор, доцент Канчайым Токтогонова, КМУнун эмгек сиңирген ишмери, ага окутуучу Наалкан Иманкулова, окутуучу Эламан Абдиллажан уулу студенттердин кесипке туура багыт берген улуу насаатчысы катарында бирге чыгармачылыгын өркүндөтүп жаткандары кубандырды