КМУда II курстун студенттери үчүн каржылык сабаттуулук жана "Cash Flow" бизнес оюну боюнча конок-лекция өттү
10-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУда Экономика жана менеджмент институтунун II курсунун студенттери үчүн финансы боюнча окуу программасын изилдөөнүн алкагында "Экономика" багыты боюнча "Финансылык сабаттуулук" темасында практикалык бөлүгү - Cash Flow оюну менен конок-лекция уюштурулду.
Иш-чараны "Эрайым" коомдук уюмунун координаторлору, финансылык сабаттуулук боюнча машыктыруучу Алтынай Сабырбекова жана Cash Flow оюнунун алып баруучусу Жазгүл Казенова өткөрдү.
Максаты: студенттердин финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана акча агымын башкаруунун негизги принциптерин практикалык өздөштүрүү.
Студенттер жеке жана бизнес-каржыны компетенттүү башкаруунун маанилүүлүгүн билишти. Машыктыруучу базалык финансылык түшүнүктөр – акча агымдары, инвестициялар, бюджетти түзүү – жеткиликтүү түшүндүрдү. Бизнестеги жана күнүмдүк жашоодогу ийгиликке таасир этүүчү финансылык сабаттуулук маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.
Cash Flow бизнес оюну алынган билимди иш жүзүндө колдонууга мүмкүндүк берди. Оюн катышуучулар акча каражаттарын башкарууну, инвестициялоону жана финансылык тобокелдиктерди чечүүнү үйрөнүүчү реалдуу финансылык кырдаалдардын симуляциясы болуп саналат. Командаларга бөлунүп студенттер коллективдик чечим кабыл алуу жана стратегиялык ой жүгүртүү көндүмдөрүн өнүктүрүштү.
Иш-чаранын мындай форматы теориялык билимди берүүгө гана эмес, аларды практикалык контекстте бекемдөөгө да мүмкүндүк берди. Студенттер финансылык сценарийлерди талдоодо баалуу тажрыйбага ээ болуп, белгисиздиктин шартында негиздүү чечимдерди кабыл алууну үйрөнүштү.