Blog Image

КМУда Илим күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата тренинг өттү

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Стартап борбору жана Энактас командасынын аткаруучу кеңеши Илим күнүнө жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата команданын мүчөлөрү үчүн тренинг өттү.

Тренингдин максаты жаштарга илимий билимди ишкердик көндүмдөр менен айкалыштыруу маанилүүлүгүн жеткирүү. Ошондой эле. жаштардын ишкердик жаатындагы көндүмдөрүн өстүрүп, тажрыйба алмашуу жана туруктуу стартаптарды түзүү.

Тренинг эки күнгө созулуп, IFES уюмунун каржылоосу менен уюштурулган. Машыктыруучу катары Стартап борборунун активдүү мүчөсү, Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун 3-курсунун студенти, IFES уюмунун «Civic Engagement Camp» программасынын бүтүрүүчүсү Аделина Тиленова болду.

Бул тренингдин алкагында катышуучулар инновациялык чечимдерди түзүү, стартаптарды өнүктүрүү жана жаңы ишкердик горизонтторду багындыруу боюнча ар кандай методикаларды өздөштүрүштү.