Blog Image

КМУда «Илим жана билим эркиндиги КР адамдардын жана жарандарынын негизги укугу катары» аталышында дебат өттү

Бүгүн, 19-март күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Илим жана билим эркиндиги КР адамдардын жана жарандарынын негизги укугу катары» аталышында дебат өттү.

Иш-чарага КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институтунун профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Иш-чаранын максаты: илим жана билимдин жеке адамдын жана коомдун өнүгүшүндөгү маанилүүлүгүн, ошондой эле алардын эркиндигинин укуктук негиздерге таянышы керектигин талкуулоо.

Дебаттын жүрүшүндө катышуучулар илим жана билим эркиндиги жеке жана коомдук өнүгүү үчүн негизги шарт катары кабыл алынгандыгын айтып, бул укуктардын корголушу жана өнүгүшү үчүн тиешелүү иш-аракеттерди жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.

Иш-чара КМУнун Жаңы маалыматтык технологиялар институту тарабынан уюштурулду.