Blog Image

КМУда “Илим жолундагы 50 жыл” аталышындагы илимий-практикалык конференция өтүүдө

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде академик С.Ж.Мусаевдин 70 жылдык мааракесине арналган “Илим жолундагы 50 жыл” аталышындагы илимий-практикалык конференция өтүүдө. Иш-чараны окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева ачып берип, тилчи, филология илимдеринин доктору, профессор, КР илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, “Манас” орденинин ээси, КР УИАнын корр. мүчөсү, академик С.Ж.Мусаевдин илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүнө, илимге арнаган өмүр жолунда билим берүү тармагына кошкон зор салымдарын баса белгиледи. Конференцияга КРнын Президентинин Кеңешчиси Бекбосун Бөрүбашев, КРнын Президентинин Администрациясынын өкүлү Октябрь Капалбаев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова жана башка окумуштуулар чакырылган. Конференциянын жүрүшүндө ректор Айгүл Абдраева Сыртбай Мусаевге И. Арабаевдин 140 жылдык юбилейлик медалын тапшырды.