КМУда “Илимий-инновациялык изилдөөлөрдүн өнүгүүсү жана келечеги” аталышында илимий-практикалык конференция өттү
Бүгүн, 11-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Илим күнүнө карата “Илимий-инновациялык изилдөөлөрдүн өнүгүүсү жана келечеги” аталышында илимий-практикалык конференция өттү.
Иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, профессор Эсенбек Мамбетакунов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана инновациялар башкармалыгынын башчысы Гүлжигит Токтошов, КМУнун илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, окумуштуулар жана эксперттер катышты.
Конференциянын максаты - илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү, инновацияларды илгерилетүү жана билим берүү тармагындагы жаңы илимий жетишкендиктерди талкуулоо.
Пленардык бөлүмдө илимий баяндамалар жасалып, кыргыз тили жана адабияты боюнча окуу куралдарын түзүү, билим берүү боюнча методикалык негиздерди өркүндөтүү жана биоактивдүү нанометаллдарды синтездөө боюнча илимий маселелер талкууланды. Иш-чаранын алкагында илимий-изилдөө долбоорлорунун көргөзмөсү уюштурулуп, жогорку билим берүү мекемелеринин мыкты өкүлдөрүнө сыйлыктар тапшырылды.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен уюштурулду.