КМУда “Илимий-инновациялык изилдөөлөрдүн өнүгүүсү жана келечеги” аталышында илимий-практикалык конференция өз ишин баштады
Бүгүн, 11-ноябрь күнү, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Илим күнүнө карата “Илимий-инновациялык изилдөөлөрдүн өнүгүүсү жана келечеги” аталышында илимий-практикалык конференция өз ишин баштады.
Иш-чарага И. Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев, профессор Эсенбек Мамбетакунов, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин илим жана инновациялар башкармалыгынын башчысы Гүлжигит Токтошов, КМУнун илим, эл аралык коммуникациялар жана инновация боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, окумуштуулар жана эксперттер катышууда.
Конференциянын максаты илимий-изилдөө иштерин өркүндөтүү, инновацияларды илгерилетүү жана билим берүү тармагындагы жаңы илимий жетишкендиктерди талкуулоо.