Blog Image

КМУда «Илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери: теориялык жана практикалык көз караштар» аталышында студенттик эл аралык ИПК башталды

21-ноябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган «Илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери: теориялык жана практикалык көз караштар» аталышында студенттик эл аралык илимий-практикалык конференциясы башталды.

И.Арабаев атындагы КМУнун жетишкендиктери тууралуу видеофильм көрсөтүлдү.

Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Раушанбек Зайниев, Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, КМУнун окутуучулары жана студенттери катышууда.

Ошондой эле, иш-чарага М.К.Аммосов атындагы Түндүк-Чыгыш федералдык университетинин (ТЧФУ) орус тили факультетинин деканы, филология илимдерини кандидаты, доцент Галина Жондорова жана И.Кант атындагы Балтика федералдык университетинин (БФУ) ректорунун кеңешчиси, филология илимдеринин кандидаты, доцент Татьяна Цвигун катышууда.

Иш-чаранын уюштуруучулары И.Арабаев атындагы КМУнун орус филологиясы факультети.