КМУда “Илимий маалымат издөө системаларынын өзгөчөлүктөрү” аталышында онлайн семинар өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Илим жана техника боюнча мамлекеттик коомдук китепканасынын ачык илимди изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси Наталья Редькина “Илимий маалымат издөө системаларынын өзгөчөлүктөрү” (Google, Scholar Semantic ж.б.) аталышында онлайн семинар өттү.
Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө илимий маалыматты издөөдө жана библиометрикалык жана альтметрикалык изилдөөлөрдөгү глобалдык маалымат базаларын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди.
Иш-чара Илим жана инновациялар департаменти, илимий китепкана жана М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институту тарабынан уюштурулду.