Blog Image

КМУда "Илимий макала жазуу жана жасалгалоонун практикалык жолдомолору" аталышында тренинг өттү

Бүгүн, 14-январь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде "Илимий макала жазуу жана жасалгалоонун практикалык жолдомолору" аталышында тренинг өттү. Иш-чарага КМУнун Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, профессор Айгүл Чалданбаева, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин доценти Кадиян Бообекова жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.

Тренингдин негизги максаты: профессордук-окутуучулар курамына илимий макала жазуунун жана аны туура жасалгалоонун негиздерин үйрөтүү, илимий макала жазуунун негизги этаптары жана принциптери менен таанышуу жана макала жазууда колдонулуучу эл аралык стандарттарга жана талаптарга ылайык жасалгалоо боюнча практикалык кеңештерди берүү. Бул иш-чара университеттин илимий ишмердүүлүгүн жогорулатууга жана анын дүйнөлүк илимий коомчулукта таанылышына багытталган.

Позвонить